Кечээ, 30-июнь күнү саат 23:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон топтолуп келген сел сууларынан улам Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагына караштуу Тамчы айылында ички чарбалык унаа 2 өтүүчү көпүрө авариялык абалга келген. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Мындан тышкары, 2 турак үйдүн короосун жана Кош-Көл айылында көл жээгинде жайгашкан 30 боз үйдү, 4 соода күркөсүн, 5 конок үйдү суу каптаган. Бактыга жараша жабыркагандар жок. Конок үйлөрдөн болжол менен 70 адам Кош-Көл айылындагы турак үйлөргө көчүрүлгөн.