Ысык-Көлдө селден жабыркагандарга гумжардам жеткирилди

Кечээ, 29-август күнү Ысык-Көл жана Тоң райондорунун селден жабыркаган жарандарга Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Гуманитардык жардам Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фондунан алынып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө ӨКМдин кызматкерлери тарабынан өткөрүп берилди. Селден жабыркаган жалпы эки райондун тургундарына 21,95 тонна биринчи сорттогу ун, 4,390 тонна кумшекер, 4390 литр өсүмдүк майы жана 8780 банка эт консервасы бөлүнгөн.