Ысык-Көлдө сууга чөгүп бара жаткан аялды милиция аман алып калган

Ысык-Көлдө милиция кызматкери сууга чөгүп жаткан аялды куткарып калды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Кечээ, 3-июль күнү саат 18:30 чамасында “Радуга” эл алуу жайында эс алып жаткан 60-65 жаш курактагы аял сууга чөгүп бара жаткан жеринен жардам сурап кыйкырган. Ошол учурда көлдүн жээгинде кызматын өтөп жаткан ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкери Адылбек Апышев дароо чуркап барып пирстен сууга секирип, аял кишини куткарып чыккан.