Ысык-Көлдө туристтер 4 жашар баласы дайынсыз болуп жатканын билдирген. Милиция таап берди

Милиция кызматкерлери Ысык-Көлдө туристтердин адашып кеткен 4 жаштагы баласын таап беришти. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

19-июль күнү болжол менен саат 14:30 чамасында Ысык-Көл облусундагы “Алтын Көл” эс алуу жайында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо кызматында жүргөн ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 2-батальонунун кызматкерлерине Орусиядан келген туристтер 4 жашар баласын жоготуп алгандыгын айтып, жардам сурап кайрылган.

Полктун кызматкерлери эс алуу жайдын айланасын издешип, тапкан соң баланы аман-эсен ата-энесине өткөрүп берген.