Ысык-Көлдө түн ичинде аңчылык кылган 2 жаран милицияга жеткирилди

Ысык-Көлдө тоо аркарларын аткан браконьерлер кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

4-март күнү түнкү саат 02:00 чамасында Жети-Өгүз районунун Сырт өрөөнүндө мыйзамсыз аңчылык болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган маалымат боюнча милиция кызматкерлери «Чаар-Арча» экологиялык көзөмөл-өткөрүү пунктунан Тойота Фуранер үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Унааны 47 жаштагы Барскоон айылынын тургуну айдап бара жаткан жана анын жанында 35 жаштагы айылдашы болгон.

Текшерүү учурунда болжол менен тоо аркарынын атылган туш эти, ошондой эле сайлуу «ТОЗ-17», сайсыз «К-12» ок атуучу куралдары жана аларга ок-дарылары табылган.

Текшерилип жаткан жарандар милиция кызматкерлерине ок атуучу куралдарга уруксаат кагазын көрсөтө алышкан, бирок аңчылыкка уруксат лицензиясын көрсөтө алышкан эмес. Аталган факты Жети-Өгүз районунун ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, материалдар юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.