Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери көз жумду

Бүгүн, 22-декабрда 101 жаш курагында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, акын жана жазуучу Асек Урманбетов дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

«Асек Урманбетов Улуу Ата Мекендик согуштун оор сыноолорунан тайманбай өтүп, мекен үчүн чыныгы баатырдыкты көрсөттү. Ал согуштан кийин өз талантын жана күч-аракетин элибиздин руханий жана маданий өнүгүүсүнө арнаган. Анын чыгармалары кыргыз элинин турмушун, тарыхын жана аң-сезимин чагылдырган, келечек муундар үчүн баа жеткис мурас болуп калды», — деп айтылат маалыматта.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 23-декабрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында өтөт.