Ысык-Көлдө зордукталган 16 жаштагы кыз кайрадан ооруканага жаткырылды

Ысык-Көлдө зордукталган 16 жаштагы кыз кайрадан ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу журналисттерге Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча координатору Бейшекан Жайлымышова билдирди.

Анын айтымында, кыздын абалы туруктуу. Жабырлануучу операциядан кийин медициналык жардамга муктаж болгондугуна байланыштуу ооруканага жаткырылган. «Кыз ооруканадан чыгарылган, бирок үй шартында жараатын таңуу жана дарылоого шарт жок болгондуктан, кайрадан Түп ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылды. Жабырлануучу Стамбул протоколуна ылайык экспертизадан өткөн. Операция болбогондо бейтап өлүп калышы мүмкүн болчу. Баланы сактап кала алышкан жок, анын салмагы өтө эле кичинекей болчу», — деди Бейшекан Жайлымышова.

12-апрелде Ысык-Көлдө 16 жаштагы ДЦП менен жабыркаган кыз зордукталып, боюна бүткөнү маалым болгон. Кылмышка 70 жаштагы кошунасы шектелип жатканы айтылган. Кийинчерээк кыз кан агып, ооруканага түшкөнү, ага операция жасалганы, баласын сактап калууга мүмкүн болбогону маалымдалган.