Ысык-Көлдөгү 4 пансионат Өзбекстанга 49 жылга башкарууга берилет

Ысык-Көлдөгү төрт пансионат Өзбекстанга 49 жылга башкарууга берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директору Канатбек Тургунбеков “Азаттыкка” билдирди.

Маалыматка караганда, Өзбекстан ар бир пансионатка 15-20 миллион доллардай инвестиция салууну пландап жатат. Кеп «Дилором», «Золотые пески», «Рохат» жана «Бустон» пансионаттары жөнүндө. “Рохат” — “Алтын жай”, “Дилором” — “Эне-Сай”, “Золотые пески” — “Бостери” деп өзгөргөн. Ал эми «Бустон» пансионатынын аты ошол бойдон калган.

Өкмөт 2020-жылы “Алтын кум”, “Рохат” жана “Дилором” мамлекеттик пансионаттарын жеке менчикке башкарууга берүү ниетин билдирген. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бул жайлар мамлекеттин менчиги болуп кала берерин, инвесторго убактылуу башкарууга берилерин айткан.