Ысык-Көлдөгү жол кырсыктын күбөсү: «Нурлан байкем жубайы, үйүнө келе жаткан коноктору менен чогуу көз жумду»

Кечээ, 21-июлда 21:30 чамасында Чырпыкты айылында жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 5 адам көз жумган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине атын атагысы келбеген жаран окуя тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, каза болгон жубайлар Чырпыкты айылынын тургундары болгон. Ал эми каза болгон дагы бир жубайлар жана аял киши алардыкына конокко келе жатышкан.

«Мен кырсык катталгандан кийин сөөктөрдү өлүкканага алып кеткенге чейин окуя болгон жерде турдум. Баарын өз көзүм менен көрдүм. Mitsubishi Galant үлгүсүндөгү унаанын ичинде 5 киши болгон. Айдоочусу Нурлан байке — биздин айылдык. Анын жубайы жана алардын үйүнө конокко келе жаткан аялы менен күйөөсү жана дагы бир аял киши. Баары көз жумду. Нурлан байкелер Балыкчыдан Чолпон-Ата тарапка келе жатышкан экен. Тактап айтканда, Балыкчыдан үйүнө кайтып келе жаткан. Ал эми каза болгон 5-эженин жолдошу кабарды укканда келди.  Лексустун ичинде да 5 киши бар болчу. Айдоочусу мас абалында эле. Айдоочунун жанындагы орундукта анын байкесинин баласы экен. Ал эми арткы орундукта аялы жана эки баласы бар болчу. Айдоочу Нарындык экен. Нарында иштейт экен. Милиция кызматкери болушу мүмкүн деп айтып жатышат»,- деди ал.