Ысык-Көлдөгү аэропорттун тосмосу кайрадан кулап калды (сүрөт)

Тамчыдагы эл аралык аэропорттун тосмосу кайрадан кулап калды. Окуя 17-февралда болгон.

Факты катталганын СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине “Манас” аэропортунан тастыкташып, азырынча башка маалымат бере албай турганын айтышты.

17-февралда Ысык-Көлдүн бул аймагында ылдамдыгы секундасына 32-37 метрге жеткен катуу шамал болгон. Ал Чырпыкты, Кош-Көл, Тамчы жана Чок-Тал айылдарында трансформатор станцияларын бузуп, электр зымдарынын мамыларын омкоруп кеткен.

Өткөн жылдын 18-март күнү Ысык-Көл облусунун аймагында жүргөн катуу шамалдан улам бетондоо иштери толук бүтө элек тилкедеги дубал урап калган. Бул боюнча президенттин маалымат кызматынын жетекчиси түшүндүрмө берип, подрядчы фирма чыгымды өз мойнуна аларын жана кайра калыбына келтирерин билдирген.