Ысык-Көлдөгү айрым жолдор убактылуу жабылат

Ысык-Көл облусундагы жолдо унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

25-26-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жана КМШ жана ЕАЭБ жаштар форумунун жыйыны өтөт. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Чолпон-Атага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары, ошондой эле байкоочу өлкөлөрдүн өкүлдөрү келишет. Буга байланыштуу Ысык-Көл облусунда Тамчы айылындагы Ысык-Көл аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки каттамда, ошондой эле Чолпон-Ата-Кырчын багытында делегациялар өтүүчү маалда гана унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилип, жол боюнда кароосуз калтырылган унаалар эвакуацияланат.