Ысык-Көлдөгү айрым пансионаттарда пирске кирүү үчүн акы алынып жатабы? Өкүлчүлүктүн жообу

Ысык-Көл облусундагы айрым пансионаттарда пирске кирүү үчүн акы алынгандыгы тууралуу кайрылууларга байланыштуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү маалымат таратты.
Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын алдында тиешелүү штаб түзүлгөн. Анын курамына укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка тийиштүү кызматтардын өкүлдөрү кирген. Штаб эс алуу жайларында жана пансионаттарда мүмкүн болгон мыйзам бузуулар боюнча, анын ичинде эс алуучу объектилерге кирүүгө акы алынган учурларга байланыштуу текшерүүлөрдү жүргүзүүдө. Айрыкча, жарандардын көл жээгинде эркин жана тоскоолдуксуз жүрүү укуктарын камсыздоого өзгөчө көңүл бурулууда.
Мындай учурлар жалпы мүнөздө эмес жана бардык объектилерге тиешелүү эмес. Ысык-Көл облусундагы пансионаттардын басымдуу бөлүгү мыйзам чегинде иш алып барып, жарандарга жана конокторго ачык жана ыңгайлуу эс алуу шарттарын камсыздап жатышат.