Ысык-Көлдөгү базар ээлери ижара акысын 20 пайызга чейин арзандатты (видео)

Ысык-Көл облусундагы соода-базар комплекстеринин ижара акысын арзандатуу боюнча УКМК маалымат берди.

Ысык-Көл облусунун ири соода-базар комплекстеринин ээлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгында соода жайларынын ижара акысын 20 пайызга чейин төмөндөтүү макулдашылды.

Тактап айтканда, соодагерлер үчүн ижара баасын төмөндөтүү чечими Ысык-Көл облусундагы төмөнкү соода-базар комплекстеринин администрациялары тарабынан кабыл алынды:

— “Ак-Тилек плюс” СБКсы (Каракол шаарындагы азык-түлүк базары), А.Бараковго катталган;

— “Ак-Тилек” СБКсы (Каракол шаарындагы “кийим-кече”, “эт азыктары” жана “кургатылган жемиштер” базары), Д.Исаевге катталган;

— “Бугу” жана “Макиш” СБКсы (Каракол шаарындагы “жашылча базары”, “алтын зер буюмдары” жана “кийим-кече базары”); А.Рыскуловго катталган;

— “Ак-Тилек+5” СБКсы (Каракол шаарындагы “кийим-кече базары” жана “складдар”); Б.Өскөнбаевге катталган

— “Ак-Тилек+2” СБКсы (Каракол шаарындагы “азык-түлүк базары”), Т.Сакеевге катталган.

Ошону менен бирге, Ысык-Көл облусундагы соода-базар комплекстеринин ээлери базарларда соода кылган карапайым ишкерлерге тиешелүү шарттарды түзүп берүү үчүн базарлардын инфраструктурасын жакшыртуу чараларын көрүүдө.