Ысык-Көлдөгү «Электр-техникалык заводдун» имараты мамлекетке өттү

Ысык-Көл облусунда мурдагы «Электр-техникалык заводдун» имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында Каракол шаарында жайгашкан, жалпы пайдалуу аянты 4640,07 чарчы метр, ал эми жанаша жайгашкан 9970,90 чарчы метр жер тилкеси менен наркы 252 миллион 407 миң сом болгон мурдагы «Электр-техникалык заводдун» имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды.