Ысык-Көлдөгү капчыгайга кеткен Орусиянын эки жараны дайынсыз болуп жатат

Ысык-Көлдө Орусиянын жарандары изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 15-октябрда Чолпон-Ата шаарынын күн батыш тарабында жайгашкан Арал капчыгайына эс алууга чыгышкан Орусиянын 2 жараны байланыш жок дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Аталган капчыгайга Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 4 куткаруучу АКУ унаасы менен чыккан. Болжолдуу жайгашкан даректен аталган эс алуучуларды табышкан эмес. Мындан улам жерге жарык киргенде издөө-куткаруу ишин улантуу үчүн болжол менен саат 4тө кайтып келишкен.

Бүгүн кайрадан жерине саат 07:25те Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 3 куткаруучу АКУ унаасы менен чыгып кетишкен.