Ысык-Көлдөгү көчмө кеңешмеде “Асман экологиялык таза шаар» долбоорун ишке ашыруу талкууланды

Бүгүн, 17-июлда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айылында президенттин кеңешчиси Равшанбек Сабировдун төрагалыгы алдында “Асман экологиялык таза шаар” пилоттук долбоорун ишке ашыруу алкагында долбоордук чечимдерди иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун көчмө кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Ушул жылдын 15-июлунда Министрлер кабинетинин буйругу менен аталган пилоттук долбоордун алкагында долбоордук чечимдерди иштеп чыгуу максатында ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Анын курамына Министрлер екабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Токтомамбет Сатышов (жумушчу топтун жетекчиси), айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министринин орун басары Нурлан Шерипов (жумушчу топтун жетекчисинин орун басары), ошондой ишке тартылган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген.

«Президенттин кеңешчиси Равшанбек Сабиров аймактын туризм жана инвестиция жаатындагы чоң потенциалын эске алуу менен бул долбоорду ишке ашыруунун өзгөчө маанисин баса белгиледи. Ал жумушчу топ долбоорду ишке ашыруунун механизмдерин, инвестиция жана дүйнөлүк компанияларды тартуу маселелерин кылдат иштеп чыгышы керектигин кошумчалады«,- деп айтылат маалыматта.

Кеңешменин жүрүшүндө пландаштырылган иш-чаралардын алкагында ведомстволор аралык жумушчу топ жаңы шаар куруу мүмкүнчүлүктөрүнө баа берери, ушул сыяктуу эл аралык долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбаларын иликтери жана пилоттук долбоордун концепциясы менен экологиялык критерийлерин иштеп чыгуу боюнча изилдөө багыттарынын тизмеси даярдай тургандыгы белгиленди.

Аткарылган иштердин жыйынтыгында Асман экологиялык таза шаарын куруунун долбоордук документтеринин толук пакети менен жыйынтыктоочу координациялык план Министрлер кабинетине киргизилет.