Ысык-Көлдөгү майдын тактары. Скутерлердин ээси айыпка жыгылды

Ысык-Көлдө пайда болгон так күйүүчү-майлоочу майдын агып кетишинен улам пайда болгон. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, скутердин ээсине 10 миң сом айып салынган.

Кечээ, 6-августта социалдык тармактарда Ысык-Көлдүн жээги булганган сүрөт жарыяланган. Анда суунун үстүнө катер менен скутердин майы калкып чыкканы айтылууда. Айрым катталуучулар көлдө мындай суу транспортторунун иштөөсүнө тыюу салууну талап кылышкан. Депутат Балбак Түлөбаев соцтармакта талкуу болуп жаткан сүрөт менен бөлүшүп, чечим чыгаруу керектигин айткан.