Ысык-Көлдөгү пансионаттын кызматкери көлгө чөгүп кете жаздады

Милиция кызматкерлери пансионаттын кызматкерин көлгө чөгүп бараткан жеринен куткарып калышкан. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ысык-Көл облусундагы «Телтору» пансионатынын директору ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлерине түнкү саат 01:00 чамасында кайрылып, пансионатта иштеген кыз жок болуп жаткандыгын айтып, жардам сурап кайрылган. Ошол замат полктун кызматкерлери Таласбек уулу Нурсултан жана Юсуп уулу Мирлан эс алуучулардан сураштырып, кыз көл жээкти көздөй кетип бара жатканын такташкан.

Кызматкерлер ыкчам көл жээгине барган учурда кыз көлгө чөгүп жатканын көрүшүп, кызды суудан алып чыгып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Андан соң Чолпон-Ата шаардык ооруканага алып барышкан. Куткарылган жаран Нарын облусунун 1986-жылы туулган тургуну болгон. Дагы бир адам өмүрүн сактап калган милиция кызматкерлерине пансионаттын директору ыраазычылык билдирген.