Ысык-Көлдөгү пирске толгон эс алуучулар. Милиция көзөмөл жүргүзүп жатат

Балыкчы ШИИБдин коомдук коопсуздук кызматы жаңы Грин-Сити пирсинде тартип коргоо чараларын күчөтүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

«Эс алуучулар жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу жана коопсуз чөйрөнү түзүү максатында коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери пирсте жана ага чектеш аймактарда үзгүлтүксүз патрулдук жана көзөмөлдү жүзөгө ашырууда. Бул иш-чаралардын алкагында эскертүү белгилерин жайгаштыруу жана кошумча коопсуздук чараларын белгилөө каралган.

Кызматкерлердин негизги милдеттери укук бузуулардын алдын алуу, тартипти камсыз кылуу, ошондой эле ар кандай өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү болуп саналат. Жээктеги коопсуздуктун жалпы деңгээлин жогорулатуу үчүн жергиликтүү тургундар жана эс алуучулар менен өз ара аракеттенүү маанилүү», — деп айтылат маалыматта.