Ысык-Көлдөгү сел 17 үйдү каптап, ички жолду, көпүрөнү алып кеткен

Кечээ, 11-августта Ысык-Көл районунун аймагында катталган селдин кесепетинен Чолпон-Ата шаарынын Тогуз-Булак тилкесинде 4 үйдү. Ал эми Бактуу-Долоноту айылындагы Бактуу-Долоноту суусунун деңгээли көтөрүлүп, нугунан чыгып, 9 үйдү сел суулары каптаган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ошондой эле, Булан-Соготтү айылында 1, ал эми Бостери айылында 3 турак үйгө суулар кирип, “Кооператив строитель” Бостери дачасына бара турган жолдогу ички чарбалык жолду жана көпүрөнү суу агызып кеткен.

Жалпысынан 17  үйдү суу каптап, 1 ички чарбалык көпүрөнү агызган. Жеринде ӨКМден 27 куткаруучу жана шаардык Жарандык коргонуу кызматынын күч-каражаттары жеринде иштөөдө жана тактоо иштерин жүргүзүүдө.