Ысык-Көлдөгү сел. Энергетика министрлиги маалымат берди

18-августтагы катуу жааган жамгырдан улам Ысык-Көл районунун Темир, Кашат, Бостери, Корумду айылдарында жана Чолпон-Ата шаарында сел жүргөн. Энергетика министрлиги сел жүргөн аймактагы кырдаал боюнча маалымат берди.

«Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын Чолпон-Ата РЭТинин кызматкерлери жаан түнү менен жаагандыктан, бүгүн, 19-августта таңкы саат 07:00дөн тартып сел каптаган көчөлөрдү кыдырып, электр жабдыктардын абалын текшерүүдө. Жалпысынан сел жүргөн аймактарда электр жабдыктары жабыркаган жок, кыйшайып калган бир нече электр мамыларын түздөө иштери жүргүзүлдү. Жеринде Ысык-Көл электр тармактарынын директору абал менен таанышып, электр жабдыктарын кыдырып текшерүүдө.

Учурда Чолпон-Ата райондук электр тармактарынын кызматкерлери селден көбүрөөк жабыркаган Темир жана Кашат айылдарынын суу каптаган көчөлөрүн үймө-үй кыдырып, жарыгы өчкөн кардарларды электр жарыгына кошуу иштерин ыкчам жүргузүүдө.