Ысык-Көлдөгү сел. Жерине өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жөнөп кетти (видео)

Бүгүн, 30-июль күнү таңкы саат 04:30 чамасында Балыкчы шаары жана Тоң районунун Кескен-Бел ашусу, Кара-Талаа, Оттук айылдарында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Ысык-Көлдүн түштүк жагындагы трассанын 35-чакырымында жолдун айрым жерлери селден жабыркаган.

ӨКМдин берген маалыматына караганда, абалды жеринен көзөмөлдөө үчүн ӨКМ министри Бообек Ажикеев, ӨКМдин Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын башчысы Замирбек Жумагазиев жерине чыгып кетишкен. Учурда Балыкчы шаардык бөлүмүнөн 15 куткаруучу 2 атайын техника жана Тоң районунун бөлүмүнөн 20 куткаруучу тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Жабыркагандар катталган эмес.

Ошол эле учурда социалдык тармактарда Жети-Өгүз районунда да сел жүргөнү, селден унаа жүргөн жол жабыркаганы айтылып, жеринде тартылган видео тарап жатат.