Ысык-Көлдөгү төрөт үйүндө акыреги сынган ымыркайдын атасы кайрылуу жасады

Ысык-Көлдөгү төрөт үйүндө акыреги сынган ымыркайдын атасы кайрылуу жасады. Баласынын акыреги сынып, мээсине кан уюп калган айткан ымыркайдын атасы Аман Кыдыралиев дарыгерлерди шалаакылыкка айыптап, президент Садыр Жапаровго кайрылды.

«Менин келинчегим 10-августта патология бөлүмүнө жаткырылган. Ошол жерде кесарево жолу менен төрөйсүң деп, документ толтурушкан. 13-август күнү таңкы саат 04:00 чамасында толготуп, дарыгерлер көзөмөлгө албастан, өзү төрөгөн. Ымыркайдын жана апасынын акыбалы оор. Акыреги сынган, мээсине кан уюп калган. Садыр Жапаров, кайрылууну кабыл алып, көзөмөлгө алып берсеңиз», — деди ал.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө болгон окуя боюнча кызматтык иликтөө башталганын билдирген.