Ысык-Көлдөгү төрөтканада чарчап калган 6 ымыркай боюнча бир нече кызматкер иштен алынды

Ысык-Көл облусундагы ымыркайлардын жана балдардын өлүмүн талдоо боюнча республикалык комиссиянын көчмө жыйынын, ошондой эле райондук администрациялардын жана саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилеринин катышуусунда республикалык кеңешме өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө январь айында Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө чарчап калган 6 ымыркайга медициналык жардам көрсөтүү боюнча эксперттик баасы угулду. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары төрөгөн аялдарга жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү боюнча иш жетишсиз деңгээлде болуп жаткандыгын белгиледи.

Республикалык комиссиянын жана республикалык кеңешменин жыйынтыгы боюнча жаңы төрөлгөн ымыркайлардын өлүмүнө алып келген оору жугузуп алуу учурларын өз убагында аныктоо жана анын алдын алуу иштерин жетишсиз деңгээлде уюштургандыгы үчүн административдик жаза чаралары көрүлдү.

Бир нече кызматкер иштен алынды. Алар:

Ошондой эле оорукананын бир катар кызматкерлерине сөгүш жарыяланды. Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаевага да сөгүш жарыяланды.