Ысык-Көлдөн 10 чакырым алыс жерден табылган жабыркаган ак куу реабилитациялоо борборуна өткөрүлдү

Кечээ, 9-сентябрда Жараталыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл акваториясынан мыйзамсыз салынган синтетикалык торлорду тазалоо учурунда жээктен 10 чакырым алыс жерден ак куу алсыз абылда табылган. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Канаттууну министрликтин кызматкерлери Чүй облусунун Новопокровка айылындагы «Бугу Эне» жапайы жаныбарларды реабилитациялоо борборуна өткөрүп беришкен.