Ысык-Көлдөн 13 тоннадан ашуун таштанды чыгарылды

DCIM110GOPRO

Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде ӨКМ суучулдары Ысык-Көлдү таштандылардан тазалоо иштерин жигердүү улантууда.
2023-жылдын 12-мартында башталган тазалоо иштери көлдүн төрт тарабы боюнча тегерете толук тазаланган. Быйылкы жылы да тазалоо жумуштары колго алынып, 2024-жылдын башынан бери 13 550 килограмм таштанды, 32 700 метр балык уулоочу тор чыгарылган. Суучулдардын баамында таштандылардын көлөмү быйылкы жылы өткөн мезгилге салыштырмалуу арбын экени байкалууда. Мындай көрүнүш тазалыкка үндөгөн эскертүү жана эрежелердин сакталбай жатышы жана эс алуучулардын көптүгү менен байланыштуу. Ага карабай, учурда ӨКМдин суучулдары көл жээктерин ар кандай таштандылардан арылтууну улантып, муниципалдык жана менчик эс алуу жайларындагы көлдүн түбүндөгү тор, калдыктарды жоюуда.