Ысык-Көлдөн Бишкек шаарына келе жаткан унаалардын саны 110 миңден ашты

Жума жана ишемби күндөрү Ысык-Көл облусунун аймагына болжолдуу 110 миңден ашуун унаа кирген. Ал эми кечээ, жекшемби күндүн соңунда кайра эле ошол унаалар Бишкек-Балыкчы, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу аркылуу шаарды көздөй кирип келишүүдө.

Шаарга кирип жаткан унаалардын көп каттамын эске алуу менен ЖКККББ жалпы айдоочулардан катуу ылдамдыкта айдабай, каршы тилкелерге жана жол жээктерине чыкпай өзүңүздүн багытыңыз менен гана унааларды башкарууну эскертет. Азыркы учурда ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте жол тыгындарына жол бербеш үчүн жол кыймылын жөнгө салышууда.