Ысык-Көлдөн Бишкекке иштөө үчүн кеткен жаран дайынсыз болуп жатат

Чүйдө Таалайбек Кадатаев дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 1975-жылы туулган Таалайбек Кадатаев Ысык-Көл облусунун Жаркынбай айылынан ушул жылдын август айында Бишкекке акча табуу үчүн иштөөгө кеткен. Акыркы жолу 6-августта байланышка чыгып, Суусамырда чабандык жумуш тапканын айткан боюнча дайынсыз болуп жатат.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0312 221558, 03133 35184, 0701 203102 номурларына чалса болот.