Ысык-Көлдөн Нарын менен Чүйгө. ИИМ 4 жетекчини ротация кылды

Коллегиянын чечимдерине ылайык ички иштер органдарынын жетекчилик курамдары ротация болууда. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

«Өткөн жумада ички иштер министрлигинин буйругу Талантбек Кадыров Нарын ШИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Ысык-Көл облусунун Түп РИИБдин начальниги кызматына дайындалды.
Ошондой эле, Талгар Мамбетказиев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Чүй облусунун Панфилов РИИБдин начальниги кызматына, милициянын подполковниги Тынчтык Аалиев Ысык-Көл облусунун Түп РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Нарын облусунун Нарын ШИИБдин начальниги кызматына, Чүй облусунун Панфилов РИИБдин начальниги Денис Аманов Ысык-Көл облусунун Ак-Суу РИИБдин начальниги кызматына дайындалды», — дешти.