«1 гектардан 1 миллион сом». Алтынбек Сулайманов карагаттан пайда тапкан дыйканды көрсөттү

Бүгүн, 7-июлда президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Алтынбек Сулайманов соцтармактагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, 1 гектар жерден 1 миллион сом тапса болорун айтты. Ал жергиликтүү агроном менен тааныштырып, казыбактан (крыжовник) 1 гектар жерге отургузуп, анын жемишинин килограммын 140 сомдон сатса, 1 миллион сомдон ашык акча табарын айтты.

«1 гектар жерден 20 тонна алса болот. Азыр мунун 1 килограммынын баасы 140 сом болуп жатат. 1 миллион 400 миң сом тапса болот. 400 миң сому чыгашасына кетсе, 1 миллион сому киреше болот», — дейт дыйкан.