Ысык-Көлдүн жайлоосунда туристтер куткарылды

Кечээ, 9-декабрь күнү Ак-Суу районунда жайлоого бара жаткан Nissan Patrol үлгүсүндөгү унаа кар күрткүгө тыгылып, өз алдынча чыга албай калган.
Маалыматка ылайык, унаада 5 адамдан турган бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү Казак жарандары болгон. Алар «Каракол» лыжа базасына эс алуу үчүн келишкен. Жерине ыкчам түрдө ӨКМдин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын 7-мобилдештирилген взводунун 4 куткаруучу, Ак-Суу райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 2 куткаруучусу тартылып, кар күткүдө калган үй-бүлөнү унаасы менен сүйрөп чыгарып беришкен. Учурда туристтердин абалы канааттандырарлык. Аба-ырайы турукташканча Каракол шаарында калышкан.