Ысык-Көлдүн жээгинде эс алып жаткан ата-эне 3 жашар баласын таппай калган (видео)

Кечээ, 27-июлда Ысык-Көл облусунун «Алтын-Кум» эс алуу жайында эс алып жүргөн Жалал-Абад облусунун тургундары үч жашар баласын жоготуп алышкан. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Ата-энеси өз алдынча издеп көрүшкөндөн кийин ошол аймакта кызмат өтөп жаткан туристтик милицияга кайрылышкан. Туристтик милициянын кызматкерлери окуяны дароо көзөмөлгө алып, пляж жана жакынкы аймактарды издөөгө киришишкен. Эки саатка созулган ыкчам иш-аракеттердин жыйынтыгында милиция кызматкерлери жоголгон бөбөктү аман-эсен таап, ата-энесине өткөрүп беришти.