Ысык-Көлдө 11,7 гектар болгон жана наркы 392 миллион 652 миң сомго бааланган жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
«Аскер прокуратурасынын тергөө башкармалыгы тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун түштүк тарабында, көлдүн жээгинде жайгашкан жалпы аянты 11,7 гектар болгон жана наркы 392 миллион 652 миң сомго бааланган жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Текшерүү учурунда бул жер тилкеси мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталган»,- деп айтылат маалыматта.