Кечээ, 28-апрель күнү Архитектура, курулуш жана турак жай-комуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары Бостери жана Тамчы айылдарында уланууда.
Аталган иш-чарага директордун орун басары Бакай Турдугулов жана Мамкурулуш агенттигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо жана жергиликтүү аймактын Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыктары катышууда.
Мамкурулуш тарабынан көл жээгиндеги 100 метр аралыктагы мыйзамсыз курулуштарды аныктоо жана аларды буздуруу боюнча иштер уланат.