Ысык-Көлдөгү «Радуга+» пансионатынын аймагында сауналарды мыйзамсыз куруу аныкталган. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинен билдиришти.
«Административдик айып салынып, пансионаттын ээсинин эсебинен аны демонтаждоо жөнүндө акт түзүлдү. Мамкурулуш агенттиги мыйзамдарды так сактоону өтүнөт жана мыйзамсыз курулуш фактыларына бөгөт коюу боюнча активдүү иштерди улантууда», — деп айтылат маалыматта.