Ысык-Көлдүн түбүнөн 115 күндө 10 тоннадан ашык таштанды чыгарылды (видео)

Ысык-Көлдөн 115 күндө 10 тонна 405 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Азыркы тапта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы, Кара-Ой айылындагы муниципалдык жана жеке менчик эс алуу жайларына караган көл түбү тазаланууда.

17-июлга карата 115 күн ичинде Ысык-Көлдүн 215 миң гектарга жакын аянты тазаланып, көл түбүнөн 97 600 метр балык уулоочу тор, 10 тонна 405 килограмм таштанды чыгарылды.