Ысык-Көлгө 1 миллиондон ашуун карп-сазан балыгынын чабактары коё берилди (видео)

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Балык өнөр жай комплекси департаментинин 2024-2025 жылдарга карата түзүлгөн иш-чаралар планынын негизинде республиканын балык чарба маанидеги көлмөлөрүн балыктын баалуу түрлөрүнүн чабактары менен балыктандыруу иш чарасын жүргүзүүдө.

2024-жылдын 13 жана 18-сентябрында Департаменттин адистери, тийиштүү мамлекеттик кызматтын жана жарандык коомдун катышуусунда карп-сазан балыктарынын чабактары Ысык-Көл көлүнүн төмөнкү тилкелерине коё берилди.

— Ысык-Көлдүн №40-тилкеси, Түп суусунун куймасына — 500 миң даана;

— Ысык-Көлдүн 7, 13-тилкелерине — 1 миллион 200 миң даана.

Жалпысынан азыркы учурга коё берилген карп-сазан балыгынын чабактарынын саны 1 миллион 700 миң даана. Алдыда дагы балыктандыруу иш чарасы уланууда.