«Бишкектеги баага караганда Ысык-Көлгө барган арзан». Депутат «Яндекс такси» кымбат болуп жатканын айтты

«Яндекс таксиде» бир чекиттен экинчи чекитке барган акчага Ысык-Көлгө барган арзан экен. Бул тууралуу жыйында депутат Марат Мураталиев билдирди.

«Муну караш керек экен. Айтып жатышат ушул жерден Ысык-Көлгө барган арзан экен. Бишкекте бир жактан экинчи жакка баруу 300 сом болуп жатат», — деди ал.