Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы кыз 6 күндөн бери табыла элек

Бүгүн, 24-июлда Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда сууга чөгүп кеткен кыз изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Издөө иштерин улантууга Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 3 куткаруучу, 2 суучул , ККББдан 3 куткаруучу жана буга кошумча суучулдар кызматынан 7 суучул тартылган.  Ошондой эле жоголгон кыздын туугандарынан 5 адам кайык менен тартылган. Ал эми куткаручуулар издөө иштерине моторлуу кайык колдонушууда.

Эске салсак, Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосундагы көл жээгинде 18-июлда 4 жашар кыз чөгүп кеткен.