Ысык-Көлгө келген эс алуучулардын коопсуздугун кароого милиция кызматкерлери даярдык көрүүдө (сүрөт)

Жайкы туристтик сезондун ачылышы менен Ысык-Көл облусунда эс алуучулардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын көбү Кыргызстандын жарандары, бирок алыскы чет мамлекеттерден келген туристтер да жок эмес. Коронавирус пандемиясынын шартында эс алуучулардын коопсуздугун жана саламаттыгын сактоо максатында милиция кызматкерлери иштелип чыккан алгоритмдин негизинде өздөрүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. “Ушундай жооптуу учурда эс алуучулардын коопсуздугу менен гана алектенбестен, алардын саламаттыгына өзгөчө көӊүл бурулушу керек”, — дейт Ысык-Көл районуна иш сапары менен барган облустук милиция башчысынын орун басары Акылбек Бекишев.

Иш сапар учурунда соода-сатык түйүндөрүндө, коомдук тамактануу жайларында, дарыканаларда жана массалык түрдө эл чогула турган мекемелерде санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы текшерилип, аныкталган кемчиликтер боюнча тийиштүү эскертүүлөр берилип, аны четтетүү боюнча мөөнөттөр берилди. Андан тышкары, жайкы туристтик мезгилинде эс алуучулардын коопсуздугун сактоого тартылган милициянын кызматы да текшерилди. “Бүгүнкү күндө, коомдук коопсуздукту сактоого 700гө жакын милиция кызматкери, 300дөн ашык ыктыярдуу элдик кошуундардын мүчөлөрү жана 55ге чукул кызматтык автоунаалар тартылган. Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөгө 65 жол коопсуздугун көзөмөлдөө инспекторлордон турган 32 экипаж иштөөдө”, — деп айтылат маалыматта.

Туристтерге кызматтарды сапаттуу жана өз убагында көрсөтүү максатында Ысык-Көл ОИИБдин туристтик милициясынын базасында call-центр уюштурулуп, анда чет элдик турист же эс алуучу 0705009102 номерине чалып, англис же орус тилдеринде коопсуз эс алуу, аймактар боюнча же түшүнбөгөн бардык суроолоруна жооп ала алышат.