Ысык-Көлгө Ош жана Жалал-Абаддан түз учууга мүмкүнчүлүк түзүлөт

Туристтик мезгилдин башталышына байланыштуу Ысык-Көл облусуна Ош жана Жалал-Абад шаарларынан түз учууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы тарабынан маалымдалды.

18-июндан тартып «Тез Жет» авиакомпаниясы Ош – Тамчы – Ош жана Жалал-Абад – Тамчы – Жалал-Абад туруктуу каттамдарын ачат. Ош шаарынан каттамдар жумасына 3 ирет: шаршемби, жума, жекшемби күндөрү, ал эми Жалал-Абаддан каттамдар жумасына 2 ирет: дүйшөмбү, бейшемби күндөрү учат.

«Манас» эл аралык аэропорту авиабилет сатуу менен алектенбейт, бааларды көзөмөлдөй албайт. Ошондой эле авиакомпания менен жүргүнчүлөрдүн ортосундагы каржылык маселеге да аралашпайт.