Ысык-Көлгө унаасы менен кирип барган айдоочу көпчүлүктү кыжырдантты (видео)

Социалдык тармактарда Ысык-Көлгө Tesla Cybertruck автоунаасы менен кирип барган айдоочунун видеосу тарады.

Соцтармак колдонуучулар заманбап унаа айдагандар экологияга зыян келтирип жатканын айтып чыгышты. Ошондой эле экинчи видеодо ошол эле унаанын жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктө токтоп турганын көрүүгө болот.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан тийиштүү чаралар көрүлөрүн билдиришти.