Ысыктын табы кайта элекпи? 10-августта абанын температурасы +39 градуска жетет

Кыргызгидрометтин синоптиктеринин божомолуна караганда, өлкөдө 8-14-август күндөрү эң жогорку температура 10-августта күтүлөт. Ал күнү абанын температурасы +39 градуска чейин ысыйт.

Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.