«Юбилей-тойго кетти деген болбосун». Акылбек Жапаров губернатор менен мэрлерди чогултту

Акылбек Жапаров президенттин Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Чүй облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин 2023-жылда жасаган иштери боюнча отчетторун жана 2024-жылга карата иш-пландарын угуп, сөз сүйлөдү.

Ал президент Садыр Жапаров башында турган 3 жылдан берки башкарууда өлкө экономикасынын реалдуу секторунда, тышкы сектордо, мамлекеттик финансыдагы жетишкендиктерге токтолуп, быйыл административдик-территориалдык реформа жүргүзүүдө өзгөчө көңүл буруларын билдирди.

Өнүктүрүү фонддору боюнча өзгөчө сөз болушу керектигин айткан МинКаб төрагасы облустун жана райондун өнүктүрүү фонддоруна жалпысынан 2,8 миллиард сом келип түшүп, анын 1,7 миллиард сому жумшалганын билдирди.

“Өнүктүрүү фонддору” деп аты эле айтып тургандай, каражаттар өнүктүрүүгө гана жумшалсын. Юбилей-тойлорго кетти деген сөздөр болбосун! Пайдалуу иштерге жумшалышын контролго алгыла, багыт бергиле. Кыргыз-орус, өзбек, венгер фонддоруна жана кепилдик фонду сиздерде кандай долбоорлор өтөт, алар кандай формада жазылышы керек, кандай пункттарына көңүл буруу маанилүү – булар боюнча аймактарга ушул күндөрү үйрөтүңүздөр”, — деди ал.

Акылбек Жапаров быйыл – 250 миң жумуш орундарын түзүү, бул башкы артыкчылык болушу керектигин билдирди.