ЮНИСЕФ Саламаттык сактоо министрлигине 507 компьютер тапшырды

Бүгүн, 7-февралда Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев ЮНИСЕФтин өкүлү Самман Тапа менен жолугушту. Жыйындын жүрүшүндө ЮНИСЕФ министрликке «iEMDOO» маалымат системасын ишке киргизүү үчүн 507 моноблок тапшырды. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.

«Бул система баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде эмдөө программасына санариптик инструменттерди киргизүүгө, персоналдаштырылган эсепти жакшыртууга жана балдарды эмдөө менен камтууну жогорулатууга мүмкүндүк берет», — деп жазылат маалыматта.

Демилге Кыргызстанда баштапкы медициналык-санитардык жардамды модернизациялоого жана саламаттыкты сактоодо санариптик технологияларды өнүктүрүүгө багытталган.