Юстиция министрлиги апасын коргогон 16 жаштагы өспүрүмгө адвокат берет

Министрликтин юридикалык жардам кызматы кармалган 16 жаштагы өспүрүмгө карата мамлекеттик адвокаттын «аракетсиздиги» жөнүндө социалдык тармактарда таратылып жаткан маалымат боюнча текшерүү жүргүзүп, өспүрүм кармалгандан кийин жана сот тарабынан жаза чарасын тандоо маселеси каралгандан кийин, шектүүнүн жактоочусу жеке адвокат болгонун аныктады.

Мамлекет тарабынан бул иш боюнча адвокат дайындалган эмес жана шектүүнүн мыйзамдуу өкүлүнөн Юридикалык жардам кызматынын дарегине квалификациялуу юридикалык жардам алууга эч кандай арыз түшкөн эмес (себептери жөнүндө иликтөө жүргүзүлөт). Кызматтын координаторлору шектүүнүн энеси менен байланышып, адвокаттын жардамын сунушташты. Бала юстиция боюнча адвокаттардын Балдар үчүн адистештирилген реестринен мамлекет кепилдеген квалификациялуу юридикалык жардам алат. Бул иш Юстиция министрлигинин көзөмөлүнө алынды.