Үзүлбөгөн үмүт… Көлгө чөгүп кеткен Аишаны ата-энеси 1 жылдан бери издеп келет

2022-жылдын 18-июль күнү Тору-Айгыр айылында көл жээгинде желденме матраста сууга түшүп жатып сууга чөгүп кеткен 4 жаштагы Аишаны ата-энеси бүгүнкү күнгө чейин издөөнү улантып жатышат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги апасы менен байланышканыбызда маалым болду.

«Издеп жатабыз. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен көлдө торлорду тазалоо иштери жүрүп жатыптыр, ӨКМдин кызматкерлери менен байланышабыз, балким табылып калат»,- дейт апасы.

Өткөн жылдын 18-июль күнү Тору-Айгыр айылында 4 жаштагы Аиша сууга чөгүп кеткен. ӨКМ 20 күндөн кийин издөө ишин токтоткон. Ал эми кыздын атасы сөөгү жок жаназа окулганын айткан.