Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова көз жумду

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова 79 жашка караган курагында дүйнө салды. Бул тууралуу анын жакындары, санаалаштары Фейсбук баракчасына жазышууда.

Маалыматтарга караганда, Мария Айтматова буга чейин жүрөк оорусунан жабыркап келген, бүгүн, 20-апрелде ооруканада көз жумган. Бир нече күн мурун келини Сабира Айтматова бүт үй-бүлө мүчөлөрү коронавирус жуктуруп алганын билдирген эле.

Айтматова Мария Урматовна — 1942-жылы 13-июлда Чүй облусунда туулган. Чыңгыз Айтматов экөөнүн ортосунда 2 бала бар. Уулу Элдар Айтматов учурда Айтматов үй-музейин жетектейт. Кызы Ширин Айтматова экс-депутат.

Сереп Медиа маалымат агенттигинин жалпы жамааты маркумдун жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.