Азамат Исраиловдун ЖКККББ башчылыгынан бошотулганы айтылды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, ал бүгүн, 29-февралда кызматын бошоткон. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча рапорт жазган.

Аталган кызматты ал 2019-жылдын март айынан бери аркалап келген. Ал эми Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымат бере элек.