Замир Ракиев эмне үчүн муфтийликтен кеткенин түшүндүрдү

Бүгүн, 26-январь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин кезексиз протоколдук жыйыны болуп өттү. Жыйында муфтий Замир Ракиевдин өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу жазган арызы каралды.

Натыйжада арызы канааттандырылып, Замир Ракиев Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи кызматынан бошотулуп,  Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлүгүнө кабыл алынды. Ага  байланыштуу муфтийдин биринчи орун басары Самидин Атабаев Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин милдетин аткаруучусу болуп бекитилди.

Ал видео кайрылуу жасап, эмне үчүн муфтийликтен кеткенин түшүндүрдү.